Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-декабры № 854
2025-жылдын 8-июлунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө
макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 8-июлунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аталган Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 13-октябрындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |