Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Дүйшөмбү шаары, 2025-жылдын 8-июлу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Тараптардын мамлекеттеринин калкынын маданий жашоосу менен кеңири таанышуу максатында;
туризм чөйрөсүндө тыгыз жана узак мөөнөттүү кызматташууга өз ара кызыкчылыкты таанып;
туризм чөйрөсүндө Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы, ошондой эле алардын улуттук туристтик иш субъекттеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү ниетинде;
Тараптардын мамлекеттеринин экономикалык, социалдык жана маданий прогрессинде туризмдин маанилүү ролун көңүлгө алуу менен;
туризм чөйрөсүндө Тараптардын натыйжалуу кызматташуусуна жетишүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин жарандарын экинчи Тараптын мамлекетинин илимий, экономикалык, социалдык өнүктүрүү, андагы маданият жетишкендиктери, ажайып кооз жаратылыш аймактары, ошондой эле элинин тарыхый-маданий эстеликтери жана салттары менен таанышуу максатында Тараптар туризм чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүүгө көмөктөшөт.
Кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына, ушул Макулдашуунун жоболоруна жана Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерине ылайык тең укуктуулук жана өз ара пайда алуу принциптерине негизделет.
2-берене.
Тараптар Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана туристтик уюмдарынын ортосунда, ошондой эле эл ар аралык жана ички туризмди өнүктүрүүгө катышкан башка уюмдардын ортосунда тыгыз кызматташтыкты колдойт.
Тараптар эл аралык конференцияларды, форумдарды, семинарларды жана көргөзмөлөрдү, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Интернет тармагына жарыялоолорду уюштуруу аркылуу "Улуу Жибек жолу" жана башка биргелешкен туристтик маршруттарды жана бренддерди жайылтууга мүмкүндүк түзөт.
3-берене.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
- Тараптардын мамлекеттеринде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарнамалык кампанияларды жүргүзүү;
- туризмди өнүктүрүү боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде спорттук иш-чараларга, музыкалык, театр жана фольклордук фестивалдарга баруу максатында топтук, ошондой эле жеке туризмди уюштуруу;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү туристтик жарманкелерге жана көргөзмөлөргө катышуу;
- Тараптардын туристтик уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өз ара таанышуу сапарларын уюштуруу;
- альпинизмди жана рафтингди, ошондой эле этно жана экотуризмди, санаториялык-курорттук туризмди өнүктүрүү максатында кызматташтыкты чыңдоого көмөк көрсөтүү;
- медициналык жана спорттук туризм чөйрөсүндө көмөк көрсөтүү;
- Тараптардын мамлекеттеринде транспорттук-логистикалык инновацияларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- гастрономиялык туризмди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- мейманкана менеджментин, ошондой эле туристтерди тейлөөчү башка инфраструктураларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар мекемелеринин адистерин жиберүү жолу менен туристтик индустриянын өкүлдөрү үчүн кадрларды даярдоого жана стажировкаларды уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- туристтик комплекстерди жана эс алуу зоналарын түзүү, ошондой эле инвестициялык жеңилдиктер боюнча маалымат алмашуу;
- туризм чөйрөсүндө, анын ичинде туристтик комплекстерди жана рекреациялык зоналарды түзүүдө маалымат жана иш тажрыйбасын, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык инвестициялар жаатында берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын тийиштүү органдары менен туристтик ишти өнүктүрүү, координациялоо боюнча ар кандай изилдөөлөрдү жана долбоорлору ишке ашырууда коомдук жана жеке уюмдарга көмөк көрсөтүү;
- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында Талаптардын мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туристтик басылмаларды, аудио жана видео материалдарды жайылтуу.
4-берене.
Тараптар үчүнчү өлкөлөрдө Тараптардын улуттук туристтик кеңселердин өз ара аракеттенүүсү аркылуу Тараптардын туристтик жана тарыхый-маданий потенциалы жөнүндө маалыматтык, жарнамалык таратуучу материалдарды жайылтууга көмөктөшөт, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн туристтеринин сапарларын уюштурууга колдоо көрсөтүшөт.
Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген тартипте экинчи Тараптын мамлекеттеринин туристтеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктардын коргоо боюнча, ошондой эле коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда эвакуациялоо чараларын көрүшөт.
5-берене.
Тараптар өз мамлекеттери мүчө болгон Дүйнөлүк туристтик уюмдун жана башка эл аралык туристтик иштин субъекттеринин алкагындагы кызматташууну координациялайт.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан Тараптардын ортосундагы кандай болбосун талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
7-берене.
Бул макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасир этпейт.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу менен байланышкан чыгымдарды, эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача макулдашылбаса, ар бир Тарап өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык тиешелүү чөйрөгө бөлүнгөн финансылык ресурстардын чегинде жабат.
9-берене.
Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделип, анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
10-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болгон төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды дайындайт:
- кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти;
- тажик Тараптан - Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча комитети.
11-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири да ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка кезектеги мезгил аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарлабаса, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Бул Макулдашууну колдонууну токтотуу Тараптар башкача макулдашпаган шартта, аны колдонуу мезгилинде түзүлгөн программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашырууга таасирин тийгизбейт.
Дүйшөмбү шаарында 2025-жылдын 8-июлунда эки нускада ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Тексттер ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |