Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 35/10
Өзгөн шаарынын борбордук стадионуна Ормонов Зулпукардын наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы отурумунун №7 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын борбордук стадионуна Ормонов Зулпукардын наамы ыйгарылсын.
2. Кадастр жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |