Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 35/11
“Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы отурумунун №7 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык–экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Акыбаев Калыбек, Макаев Маматазиз Макаевич, Хасанов Арсланбек Мрахварович, Түркбаев Торогелди Алиевич, Мамасадыкова Бермет Алайбековнага “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган жарандарга “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жана салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |