Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-январындагы № 6 токтому менен бекитилди)
|
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү
стратегиясы
1- глава. Киришүү
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары – Стратегия) Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдерге өркүндөтүүнүн максаттарын жана негизги багыттарын, ошондой эле каралган иш-чараларды финансылык жактан камсыз кылууну жана ишке ашыруу механизмдерин аныктайт.
Бул Стратегия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 “2014–2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2014–2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясынан келип чыгуучу Кыргыз Республикасындагы корпоративдик финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин реформаларынын экинчи этабынын стратегиялык иш-аракеттер планы болуп саналат.
Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жана анын тышкы соода жана башка тышкы экономикалык байланыштарга интеграцияланышы эл аралык рыноктун катышуучулары компаниялардын финансылык отчеттуулугуна канчалык деңгээлде ишеним көрсөтөрүнөн олуттуу даражада көз каранды. Буга байланыштуу корпоративдик финансылык отчеттуулукту реформалоонун эң маанилүү багыттарынын бири болуп финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын колдонуу жана финансылык отчеттуулуктун аудитинин сапатын жөнгө салуу аркылуу корпоративдик финансылык отчеттуулукка болгон ишенимди бекемдөө саналат.
Ошол эле учурда ишканалардын жана рыноктордун ээлеринин муктаждыктарын канааттандыра ала турган чакан жана орто ишканалар үчүн финансылык отчеттуулуктун жөнөкөйлөштүрүлгөн талаптары Кыргыз Республикасындагы бул ишканалардын сегментинин өнүгүшүнүн жана өсүшүнүн маанилүү элементи болуп саналат.
Маанилүү милдет болуп өзгөрүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлашуу жана ири жана келечектүү инвестициялык долбоорлорго кызыкдар чет элдик инвесторлордун муктаждыктарын