Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 21-августу № 36/2
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата бекитилген иш-планын аткарууга алып «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго:
- шаардын тазалыгын камсыз кылуу, шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;
- Президентибиздин жарлыктарына ылайык оптимизация жүрүп жаткандыгына байланыштуу Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасын жоюп Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасы менен бир ишкана катары бириктирүү маселесин карап чыгуу;
- шаарда жайгашкан мекеме-уюмдардын, ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан) аймагын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3.«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Т.Козуевге:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2024-жылдын 31-декабрына чейин шаардык кеңешке маалымат берүү;
- ишкананын стратегиялык иш-планын иштеп чыгуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кирешени көбөйтүү;
- чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү жандандыруу, өнбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү, эл жана коммерциялык ишканалар менен түзүлгөн келишимдердин санын көбөйтүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу;
- таштандыларды ташып чыгарууну графикке ылайык так аткаруу, кызматкерлердин ишке болгон жоопкерчилигин күчөтүү, штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу жана шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу;
- эскилиги жеткен муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү тактап, эсептен чыгаруу боюнча МММБ департаментине тез аранын ичинде сунуш берүү жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |