Редакцияот 29.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 29-декабры № 105

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата

киреше-чыгаша бөлүгүнүн тактоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы УП №1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктын түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын 2025-жылдын 12 айына карата бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнүн такталгандыгы тууралуу маалыматын угуп, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1.     11312100 – Юридикалык жактардын транспорт каражаттарына салыктын планы 11,0 миң сомго кыскартылсын;

2.     11312200 – Физикалык жактардын транспорт каражаттарына салыктын планы 5 125,0 миң сомго кыскартылсын;

3.     11321200 – Айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участогу салык планы 4 411,9 миң сомго кыскартылсын;

4.     11111100 – Салык агенттери тарабынан төлөнгөн киреше салыгы 75,1 миң сомго көбөйтүлсүн;

5.     14224200 – Калктуу пункттардан таштанды чыгаруу үчүн алынган жыйымы 19,0 миң сомго көбөйтүлсүу;

6.     14511400 – Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кароо чыгымдары киреше бөлүгүнө 1,5 миң сом өлчөмүндө киргизилсин;

7.     Чыгаша бөлүгү көбөйтүлсүн:

Бөлүм

Статья

Элемент

Сумма (млн сом)

70111

2212

22122900

95,6

8. Баштапкы долбоор Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын;

9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;

10. Токтомду аткарууга жоопкерчилик Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Д.С. Райымкуловко жүктөлсүн;

11. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Булазова Г.Т.