Редакцияот 04.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын III-кезекcиз сессиясы

2025-жылдын 4-июну  №6/2

 

Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы №4103 “Кызарт” жана №4104  

“Жаны-Арык”шайлоо участкаларынын чегине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын  34-беренесин жетекчиликке алып, Өмүр уулу Абик, С.Мамбеталиев, Эсенкожо жана Т.Султанкадыров көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап, шайлоочулардын ыӊгайлуугун көздөө максатында Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.    Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы №4103 “Кызарт” шайлоо участкасынын чегиндеги Өмүр уулу Абик, С.Мамбеталиев, Эсенкожо жана Т.Султанкадыров (мурдагы гараждын ичи) көчөлөрү толугу менен №4104 “Жаны-Арык” шайлоо участкасынын чегине кошулсун;

 

2.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясын жиберилсин;

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн    башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

    

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек