Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-январы № 5
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 5-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
8 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 451 | 141 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 102 | 15 |
| ведомстволук бөлүмдөрү: |
|
|
| анын ичинде: |
|
|
| Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти | 99 | 36 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору | 62 | 8 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 188 | 82 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 58 | 13 |
| аймактык бөлүмдөрү | 130 | 69 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул пункттун 1-5-пунктчаларында каралган төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун ишке киргизүү жана тестирлөө боюнча кызматкерлерине жайылтылбайт.";
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 32-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 35-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү төлөө ай сайын, бул үстөктү алууга укук берген иш стажына жараша дифференцияланып жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер төмөнкүлөргө карата жайылтылбайт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун ишке киргизүү жана тестирлөө боюнча кызматкерлерине.".
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Түндүк" ачык акционердик коому менен өз ара аракеттенүүдө медициналык статистикалык отчеттуулукту санариптештирүү жана маалыматтык системаларды киргизүү менен байланышкан милдеттерди аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-январындагы № 2 (3762) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |