Редакцияот 29.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 29-декабры № 104

Айылдык кенештин туруктуу комиссияларына жаңы келген

депутаттарды киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын 2025-жылдын 18-августундагы №01-15/909 жана 2025-жылдын 13-ноябрындагы №01-15/1584 токтомдоруна ылайык жаңы келген депутаттарды таануу менен, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

 1.     Айылдык кеңештин депутаттары Маслянов Мухамед Идрисович, Глущенко Сергей Иванович айылдык кенештин туруктуу комиссиясына төмөнкү бөлүштүрүү менен киргизилсин:

 •     Маслянов Мухамед Идрисович – бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссияга.

 •     Глущенко Сергей Иванович – жеке турак-жай курулуш, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча комиссияга.

 2.    Учурдагы токтомго ылайык кенештин туруктуу комиссияларынын курамындагы өзгөртүүлөр бекитилсин.

 3.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрайым

Булазова Г.Т.