Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-январы № 17
Эскирген пестициддерди жана туруктуу органикалык булгоочулар, сымап, коргошун сыяктуу уулуу химиялык заттарды камтыган башка калдыктарды коопсуз сактоо жана утилдештирүү үчүн жооптуу мамлекеттик органды аныктоо жөнүндө
Калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү туруктуу органикалык булгоочулардын терс таасиринен коргоо, кооптуу калдыктарды башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Туруктуу органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясы боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскирген пестициддерди жана туруктуу органикалык булгоочулар, сымап, коргошун сыяктуу уулуу химиялык заттарды камтыган башка калдыктарды коопсуз сактоо жана утилдештирүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо:
– 4-главанын 11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы элүү тогузунчу абзац менен толукталсын:
«эскирген пестициддерди жана туруктуу органикалык булгоочулар, сымап, коргошун сыяктуу уулуу химиялык заттарды камтыган башка калдыктарды коопсуз сактоону жана утилдештирүүнү камсыз кылат;».
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскирген пестициддерди утилдештирүү жана булганган жерлерди рекультивациялоо үчүн эл аралык донорлордун инвестицияларын тартууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бекитилген штаттык санынын чегинде тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-январындагы № 4 (3764) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |