Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2025-жылдын 24-марты №4/1
Нарын райондук аймактык комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык, Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагындагы №40 50, 4056 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Нарын районунун Жан-Булак айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагындагы № 4050, № 4056 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаӊыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келиптүшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар № 4050 , № 4056 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын. (курамы тиркелет)
2. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрага | С. Акматов |