Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 16-декабры № 365
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 30-пункттун 1-пунктчасында "жогорку" деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде "жогорку" деген сөз алып салынсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Ушул Тартиптин 18-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлеген адамдарга мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, ошондой эле муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер киргизилет:
1) сунуштама;
2) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык класстык ченди ыйгаруу үчүн талапкер жөнүндө маалымкат;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кошумча документтерди жана материалдарды суратууга жана алууга укуктуу.";
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 1-тиркемесинде:
3-пункттун үчүнчү абзацында "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча" деген сөздөр "тоо күн тартиби боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 2-тиркемесинде:
"жогорку" деген сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
I бөлүмдүн 1-главасында:
- алтынчы абзацта "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча" деген сөздөр "тоо күн тартиби боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он үчүнчү, он төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары
Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы - сектордун башчысы, Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн, катчылыктын курамында), Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 237 "2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемеси ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 3-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында, преамбулада жана 1-пунктта "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча" деген сөздөр "тоо күн тартиби боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү жөнүндө жободо:
- аталышында жана 1-пунктта "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча" деген сөздөр "тоо күн тартиби боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 177 "Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашырууга байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3757) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын агартуу министри;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы (макулдашуу боюнча).".
|
| 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТҮЗҮМҮ