Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлиги тарабынан борборлоштурулган
иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жана оперативдүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-январындагы № 4 (3764) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |