Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 21-августу № 36/3
Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата бекитилген иш-планын аткарууга алып «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго:
- «Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан канаттандырарлык эмес деп табылгандыгына байланыштуу Капиталдык курулуштар башкармалыгы муниципалдык ишканасынын жетекчисине мыйзам чегинде чара көрүү жагы,
- Президентибиздин жарлыктарына ылайык оптимизация жүрүп жаткандыгына байланыштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасын жоюп Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине кошуп бир ишкана катары бириктирүү маселесин карап чыгуу;
- аткарылуучу жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тапшырылсын.
3. «Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жетекчисине:
- 2024-жылда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесин тактоодо жыл ичинде биринчи кезекте социалдык обьекттерди куруу, оңдоо иштерине көнүл буруу,
- титулдук тизмеде көрсөтүлгөн жумуштарды өзгөртүүсүз так аткаруусу жана шаардык кеңештин макулдугу менен иш алып баруусу;
- 2024-жылдын титулдук тизмесиндеги аткарылуучу жумуштардын ичинен биринчи кезекте бала бакчалар жана мектептер боюнча иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |