Редакцияот 29.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 29-декабры № 107

Атайын эсеп боюнча кредиттерди жылдыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиеванын маалыматы угулуп, бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 26-декабрындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Атайын эсеп боюнча жалпы суммасы 130,0 миң сом кредиттерди жылдырууга макулдук берилсин. Анын ичинде:

 •     «Үмүт шатысы» балдар бакчасынан 2218 статьясынан, 22181100 элементи боюнча 30,0 миң сомго кредиттер кыскартылсын;

 •     «Келечек» балдар бакчасынан 2218 статьясынан, 22181100 элементи боюнча 100,0 миң сомго кредиттер кыскартылсын;

 •     «Ынтымак» балдар бакчасынын 2218 статьясынын, 22181100 элементи боюнча кредиттер 130,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

 2.    Миң-Булак айыл өкмөтүнүн СЭБ башчысы А.А.Джумалиевага атайын каражаттарды жылдыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылсын.

 3.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 4.    Бул токтомду аткарууга жоопкерчилик Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Д.С.Райымкуловко жүктөлсүн.

 5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Булазова Г.Т.