Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 21-августу № 36/4
Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен Айчүрөк кинотеатрын капиталдык ремонттоого акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-августундагы №5 отурумунун протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 01-9/858 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрын капиталдык ремонттоого Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 5000,0 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |