Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Чолпон-Ата шаардык кенешинин

 

XXXI чакырылышы  XXVI кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын декабрь айынын  30у №31/26-4

 

Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен шаарыбыздын пенсионерлерин, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрүн социалдык жактан колдоо максатында бир жолку материалдык жардам берүү  боюнча Жобону бекитүү жөнүндө

 

Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен шаарыбыздын пенсионерлерин, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрүн социалдык жактан колдоо максатында, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамынын 6,11,16,21-беренелерине жана «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинин 3-пунктуна ылайык, токтом кылат:

  1. Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен шаарыбыздын пенсионерлерин, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрүн социалдык жактан колдоо максатында бир жолку материалдык жардам берүү  боюнча Жобосу бекитилсин. (тиркелет)

 

  1. Чолпон-Ата шаарынын мэриясы жогорудагы Жобого ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.

 

  1. Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2023-жылдын 2-майындагы №30/24-8 токтому жана ушул эле токтом менен бекитилген Жобо күчүн жоготту деп табылсын.

 

  1. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.

 

  1. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин «Билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, миграция, социалдык маселелер жана спорт, туризм, коомдук өз алдынча башкаруу, жамааттын коомдук уюмдары жана жалпыга маалымдоо боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                              Э.М. Молдобеков