Редакцияот 16.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 16-январы № 10-т

 

 

Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. “Кыргызполиметалл” жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

1) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан “Нурлау” аянтында сурьманы жана алтынды иштетүү үчүн 1-тиркемеге ылайык;

2) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан “Шаркаратма-Караканыш” сурьма жана алтын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

 

Приложение 1

 

 

 

 

Приложение 2