Сравнение редакций…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын
21-январындагы № 16
токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
жобо
1- глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү борборлоштурулган иш-чаралар (мындан ары – борборлоштурулган иш-чаралар) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүн борборлоштурулган материалдык-техникалык камсыздоо жана республикалык маанидеги иш-чараларды өткөрүү максатында жүзөгө ашырылат.
2. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө ассигнованиелердин көлөмү тиешелүү жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде түзүлөт жана чыгымдалат.
3. Министрликтин борборлоштурулган иш-чараларын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) гранттык каражаттар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
4. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдардын сметасын түзүү, бекитүү жана тактоо, ошондой эле аларды
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 16 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
жобо
1- глава. Жалпы жоболор
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү борборлоштурулган иш-чаралар (мындан ары – борборлоштурулган иш-чаралар) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүн борборлоштурулган материалдык-техникалык камсыздоо жана республикалык маанидеги иш-чараларды өткөрүү максатында жүзөгө ашырылат.
2. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө ассигнованиелердин көлөмү тиешелүү жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде түзүлөт жана чыгымдалат.
3. Министрликтин борборлоштурулган иш-чараларын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) гранттык каражаттар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
4. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдардын сметасын түзүү, бекитүү жана тактоо, ошондой эле аларды чыгымдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
41. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө каралган сметалык дайындоолор зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ортосунда кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Тиешелүү финансылык жылда пландалган борборлоштурулган иш-чараларды натыйжалуу аткаруу процессинде үнөмдөлгөн жана бошотулган бюджеттик каражаттар Министрлик тарабынан аныкталуучу башка артыкчылыктуу иш-чараларга реинвестицияланат.
6. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө каражаттар төмөнкүлөргө багытталат:
1) издөө-куткаруу жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштарына;
2) атайын алдын алуу жана жоюу иш-чараларын өткөрүү үчүн товардык-материалдык баалуулуктарды борборлоштурулган сатып алууга;
3) Министрликтин ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүнүштөрү үчүн авариялык-куткаруучу жабдууларды, өрт- техникалык куралдарды, суучулдар жана буюм мүлктөрүн, чакан механизациядагы куткаруучу каражаттарды, транспорт каражаттарын, күйүүчү-майлоочу материалдарды, ошондой эле товардык- материалдык баалуулуктардын башка түрлөрүн сатып алууга;
4) авариялык-куткаруучу каражаттар менен жабдуу жана башка ооруктук камсыздоо жаатында прогрессивдүү технологияларды жана өндүрүштөрдү киргизүүгө жана камсыз кылууга;
5) Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди түзүү, буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгуу, басып чыгаруу, сатып алуу боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
6) литер “А” учууларына байланыштуу чыгымдардын ордун толтурууга;
7) гуманитардык жардам көрсөтүүгө (кабыл алууга) байланыштуу чыгымдардын ордун толтурууга;
8) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн жиберилүүчү кызматкерлердин иш сапардык чыгымдарын, ошондой эле чет өлкөлүк иш сапарларга, анын ичинде эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар жана чет мамлекеттер тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга байланыштуу чыгымдарды төлөөгө;
9) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10) соттук чыгымдардын жана соттук чечимдер менен аныкталган суммалардын ордун толтурууга;
11) Министрликтин ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган курулуш-оңдоо иштери, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо үчүн акы төлөөгө;
12) аскер кызматчылары курман болгон, майып болгон, травма алган жана мертинген учурда аларды милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларын төлөөгө;
13) чет өлкөлүк мекемелерде окуган курсанттардын жана угуучулардын тамактануусуна, турак жайын жалдоого жана транспорттук чыгымдарды төлөөгө;
14) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлик тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо Министрликтин жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат.