Редакцияот 23.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын  23-январы ПЖ № 7

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Адамдарды коргоонун мамлекеттик системасына болгон жарандардын ишенимин мындан ары чыңдоо, коррупциялык укук бузууларды аныктоонун, алдын алуунун жана бөгөт коюунун натыйжалуу жана ачык-айкын механизмдерин камсыз кылуу, эл аралык стандарттарга жооп берген толук административдик жана укуктук инструменттерди түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн):

1-главада:

-          2-пунктта “2025-жылдын I жарым жылдыгы”, “2025-жылдын IV кварталы” деген сөздөр тиешелүү түрдө “2026-жыл”, “2027-жыл” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-          6-пунктта “2025-жылдын I жарым жылдыгы” деген сөздөр “2026-жылдын II жарым жылдыгы” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-январындагы № 5 (3765) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров