Редакцияот 29.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 29-декабры № 109

Сретенка айылындагы карылар үйүн жабууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы корутундусун эске алуу менен, ошондой эле социалдык мекемелерди оптималдаштырууга байланыштуу, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 1.     Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Сретенка айылы, Комсомольский көчөсү, №6 дарегинде жайгашкан карылар үйүн жабууга макулдук берилсин.

 2.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 3.     Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Булазова Г.Т.