Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 4-декабры № 1451/1
Айдоочуларды даярдоо боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 9 жана 13-беренелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн буйрук кылам:
1. Төмөнкү айдоочуларды даярдоо боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары (мындан ары - БКБ МБС) тиркемелерге ылайык бекитилсин:
- Автомобилдин айдоочусу, квалификациясы: Автомобилдин айдоочусу “В” (тиркеме № 1);
- Автомобилдин айдоочусу, квалификациясы: Автомобилдин айдоочусу “С” (тиркеме № 2);
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбор:
- жогоруда аталган БКБ МБСти башталгыч кесиптик билим берүү уюмунун ишин жүргүзүүдө жетекчиликке жана милдеттүү аткарууга кабыл алсын;
- бир айлык мөөнөттө Типтүү окуу пландарын иштеп чыксын, ушул Мамлекеттик билим берүү стандарттарын жетекчиликке алсын;
- башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтсүн жана мамлекеттик билим берүү стандарттары менен иштөө маселелери боюнча консультациялык-методикалык жардам көрсөтсүн;
- ушул буйруктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
3. Билим берүү окуу пландарын түзүүдө башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын директорлору бекитилген мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана Типтүү окуу пландарын жетекчиликке алышсын.
4. Ушул айдоочуларды даярдоо боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруу башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.
5. Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы ушул буйрук менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборду белгиленген тартипте тааныштырсын.
6. Буйрукта каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
7. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү (Б.М. Мураталиева) Кыргыз Республикасынын укутук ченемдик актыларына ылайык башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий “Эркин Тоо” гезитине жарыялоо үчүн акча каражатын төлөп берүүнү камсыз кылсын”.
8. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды жарыялоо булагын көрсөтүү менен кагаздар жана электрондук сактагычтарда буйруктун көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде жиберилсин.
9. Буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.Д.Махметкуловго жүктөлсүн.
10. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндүн ичинде күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Министри |
| Д.Ш. Кендирбаева |