Редакцияот 29.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 29-декабры № 110

Александровка айылындагы маданият үйүн ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобого (айылдык кенештин 2024-жылдын 21-июнундагы №39 токтому менен бекитилген), ошондой эле муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча Миң-Булак айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №4 протоколунун чечимин карап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1.    Александровка айылында жайгашкан, Фрунзе көчөсү (номерсиз), жалпы аянты 1101,0 чарчы метр болгон, жанаша жайгашкан жер тилкеси менен бирге муниципалдык менчиктеги маданият үйүнүн имаратын максаттуу багытын өзгөртпөстөн, кинотеатр уюштуруу үчүн түздөн-түз ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2.     Миң-Булак айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

•     ижара келишимин белгиленген тартипте түзүү;

•     муниципалдык мүлктүн сакталышын камсыз кылуу;

•     имаратты максаттуу пайдаланууга көзөмөл жүргүзүү.

3.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Булазова Г.Т.