Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 21-августу № 36/6
Өзгөн шаарынын айрым көчөлөрүн наамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-июлундагы отурумунун № 9 протоколунун, негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы Өзгөн шаарындагы Кыргызстан көчөсүнө Алайбек Мамасадыковдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү №29/7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Өзгөн шаарынын Кошуев көчөсүнүн кесилишкен жеринен баштап, Гагарин көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Алайбек Мамасадыковдун ысымы ыйгарылсын.
3. Өзгөн шаарынын Жаңы Турмуш көчөсүн аты өзгөртүлүп, Юсуфжон Холмурзаевдин ысымы ыйгарылсын.
4. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |