Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 21-августу № 36/7
Өзгөн шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштурууга жергиликтүү бюджеттин эсебинин каржылоону токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-августундагы отурумунун №5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын тамактануу уюштурууну жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо 2024-жылдын 1-августунан токтотулганы эске алынсын.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын жана ар бир баланын тамак ашына айына төлөмү айына 1400 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |