Редакцияот 29.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы

2025-жылдын 29-декабры № 114

“Таза Булак” муниципалдык ишканасынын техникаларын пайдалануу

кызматтары боюнча тарифти бекитүү жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, муниципалдык «Таза Булак» ишканасынын директору тарабынан сунушталган материалдардын негизинде жана муниципалдык техниканы пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1.     Муниципалдык «Таза Булак» ишканасынын оперативдик башкаруусундагы техниканы пайдалануу боюнча төмөнкү тарифтер бекитилсин:

•      АС машина (ассенизатор) – көлөмүнө жараша 600 (алты жүз) сомдон баштап жогору;

•      Контейнер ташуучу унаа – бир рейс үчүн 3000 (үч миң) сом, социалдык объекттерге жана мечиттерге кызмат көрсөтүүдөн башка.

2.     Бекитилген тарифтер Миң-Булак айыл аймагынын жашоочуларына гана, менчик формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар үчүн колдонулсун.

3.     «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директоруна төмөнкүлөр тапшырылсын:

•      бекитилген тарифтерди колдонууну камсыз кылуу;

•      техниканы пайдалануу жана кызматтар үчүн түшкөн төлөмдөрүн эсепке алуу.

4.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.     Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Булазова Г.Т.