Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 21-январы № 5
"Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 17-январы, № 3) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун 2025-жылга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.";
2) 2-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жыйынды кирешелер боюнча 605 706 978,3 миң сом суммасында жана жыйынды чыгашалар боюнча 590 617 446,2 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
б) 2-бөлүктө "24 297 867,0" деген цифралар "15 089 532,1" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүү булактарын которуу 2025-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгү аркылуу 89 094 401,8 миң сом суммасында белгиленсин.
2026-2027-жылдары Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүү булактарын которуу аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда белгиленет.";
4) 5-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. 2025-жылы капиталдык салымдарды каржылоонун төмөнкү булактары 54 160 000,0 миң сом суммасында аныкталсын:
1) капиталдык салымдарды каржылоого 25 460 000,0 миң сом суммасында каралган каражаттардын көлөмү артыкчылыгын эске алуу менен 2025-жылга бекитилген тизмеге ылайык социалдык-экономикалык объекттерди, ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын, ирригациялык курулмаларды, автомобиль жолдорун, улуттук коопсуздук, укуктук тартип, куралдуу күчтөрдүн объекттерин жана стратегиялык маанидеги объекттерди долбоорлоону, курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону аяктоого/улантууга жумшалсын;
2) коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге жайгаштырылуучу мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруудан 28 700 000,0 миң сом суммасындагы каражаттар.";
б) 4 жана 5-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 6-бөлүктө "2025-жылы - 1 500 000,0 миң сом" деген сөздөр "2025-жылы - 1 200 000,0 миң сом" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 12-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинде Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын бөлүгүн жабууга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 3 000 000,0 миң сом суммасында максаттуу трансферттер түрүндө каражаттар каралсын.";
7) 13-берененин 1-бөлүгүндө "834 400,0" деген цифралар "1 195 310,3" деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1. 2025-2027-жылдарга программалык чыгашалардын тизмеги 14-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Мамлекеттик органдар бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 14-тиркемеге ылайык берсин.";
9) жогоруда аталган Мыйзамдын 1-9, 12, 14-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1-11-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
.