Редакцияот 07.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын

кезектеги IX сессиясы

 

  2025-жылдын 07- августундагы  №6

 

«Шаардын аймагындагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакча) 2024-2025-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө РБББ маалыматы »

  

Шаардын аймагындагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакча) 2024-2025-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө РБББ маалыматы тууралуу шаардык мэриянын социалдык сектордун башкы адиси Ж.Таштанбекованын маалыматын угуп жана талкуулап Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 9 – cессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Шаардын аймагындагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакча) 2024-2025-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө РБББ маалыматы тууралуу шаардык мэриянын социалдык сектордун башкы адиси Ж. Таштанбекованын эске алынсын.

2. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Шамалдуу-Сай шаардык Кенешинин сессиясына катышпагандыктан, маселе артка кайтарылсын.

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.

4. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Этика, мандат жана Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Абидова) жүктөлсүн.

 

 

Шамалдуу-Сай шаардык

депутаттар Кенешинин төрагасы:

 

               З.А. Сатаров