Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 26-январы № 11
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоо маселелерин убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режим киргизилсин.
2. Апробациялык режим мезгилинде төмөнкүлөр белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоо мекеменин атайын эсебине түшүүчү каражаттардан жүзөгө ашырылат деп;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-июлундагы № 206 КПҮ “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” Жарлыгы менен жөнгө салынат жана мекеменин атайын эсебине түшүүчү каражаттардын эсебинен анын ишине тиешелүү бөлүгүндө жүзөгө ашырылат деп.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын;
– он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу ведомстволук уюмдар тарабынан көрсөтүүлүүчү, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилбеген мамлекеттик эмес акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга тарифтерди (бааларды) түзүү, макулдашуу жана бекитүү тартибин, ошондой эле аталган кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүчү кирешелерди эсепке алуу тартибин белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
– апробациялык режимдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорун киргизсин;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |