Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 23-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:
– Мамасадыков Рустам Алайбекович, Тиленова Анара Эгембердиевна курамдан чыгарылсын;
– Авазов Курванбек Рахманович – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп, Досалиев Эрнес Кубанычбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары курамга киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |