Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 26-январы № 8
«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана
2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2025-жылдын 17-январы, № 3) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 1-бөлүктө «120 536 701,6» жана «120 470 092,1» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «129 183 671,5» жана «127 708 873,9» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө «66 609,5» деген цифралар «1 474 797,6» деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 5-беренеде «43 704 826,2» деген цифралар «44 365 639,2» деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктө «5 418 568,8» деген цифралар «6 304 235,0» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө «670 656,4» деген цифралар «984 166,4» деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 8-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) жогоруда аталган Мыйзамдын 1-4-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1-4-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 (3766) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 25-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |