Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 26-январы № 12
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын
31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
II бөлүмдө:
– 4-главанын 6-пунктунун “Башкы кызмат орду” тобунун “Б-Б” категориясындагы “Министрликтер, мамлекеттик комитеттер” графасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“Өзгөчө тапшырмалар боюнча министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү (******)”;
– 1–4-главаларга эскертүүдө:
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“(******) – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппараттарындагы административдик мамлекеттик кызмат орду.”.
2..Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин белгиленген штаттык санынын чегинде жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
3..Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |