Редакцияот 30.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин ХХ сессиясы

(VIII чакырылыш)

2025-жылдын 30- декабры №20/84

Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №Ис25/136-07-11-1-01301 “Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 29-майындагы 9/33 токтомуна” каршылык билдирүүсү жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселе Кызыл-Кыя шаардык кенешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 23-декабрындагы №27 протоколу  менен каралгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:

           

1.      Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №Ис25/136-07-11-1-01301 каршылык билдирүүсүнө негиз Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 29-майындагы №9/33 “Жайлоого чыгаруу үчүн ийри мүйүздүү малдарга, жылкыларга жана кой-эчкилерге 2025-жылга салына турган салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын. 

 

2.      Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

3.      Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

             

 

 

 

Төрага

 

А.Мурзаев