РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
2025-жылдын 19-декабры № 4
Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуевдин ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө.
Раззаков шаарынынмэриясынын “Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуевдин ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап “Географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренесине ылайык токтом кылат:
- Раззаков шаарына караштуу Алтын-Бешик айылынын Проектируемый көчөсүнө Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуевдин ысымы ыйгарылсын.
- Көчөгө ысым ыйгарууга байланышкан бардык чыгымдар, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген кундөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.А. Саматов |