РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
2025-жылдын 19-декабры № 5
Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөрдү мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөрдү мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап « Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 19-беренелерине ылайык токтом кылат:
- Муниципалдык менчикте турган үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана фельдшердик акушердик пункттары жайгашкан төмөнкү имараттар Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
1. №24 Самат ҮДТ – Дареги: Раззаков шаары, Самат айылы.
2. №23 Чымкен ҮДТ – Дареги: Раззаков шаары, Чымкен айылы.
3. №3 Голбо ҮДТ - Дареги: Раззаков шаары, Алтын-Бешик айылы.
4. №2 Тайлан ҮДТ - Дареги: Раззаков шаары, Тайлан айылы.
5. Ак-Булак ФАП - Дареги: Раззаков шаары, Ак-Булак айылы.
6. Ак-Босого ФАП - Дареги: Раззаков шаары, Ак-Босого айылы.
7. Кара-Таш ФАП - Дареги: Раззаков шаары, Кара-Таш участкасы.
- Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген кундөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.А. Саматов |