Редакцияот 24.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы

2025-жылдын 24-декабры № 1

 Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө жана мамлекеттик менчик объекттерин жер тилкелери менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын “Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө жана мамлекеттик менчик объекттерин жер тилкелери менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап  

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,10,19-беренелерине ылайык, Раззаков шаардык Кеңеши токтом  кылат:

                                                        

  1. Раззаков шаарынын Кирпичная көчөсүндөгү Кулунчак балдар бакчасы үчүн ажыратылган жер тилкесин Лейлек райондук салык бөлүмүнө жаңы административдик имарат курууга жана Раззаков шаарынын Додосьян көчөсүндө жайгашкан идентификациялык №8-04-1001-4280 коду менен катталган муниципалдык жер тилкесин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы административдик имарат куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Лейлек райондук салык бөлүмүнүн бүгүнкү күндө пайдаланып жаткан административдик имаратын жер тилкеси менен жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн бүгүнкү күндө пайдаланып жаткан административдик имаратын жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

 

  1. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

 

С.А. Саматов