Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 3-декабры № 161

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чектери жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу № 13 көп мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чеги бекитилген.

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 94 шайлоо участогу түзүлгөн.

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 160344 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен АЭУнун алдын ала жыйынтыгы боюнча 76721 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 47,85% түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттаган:

1. Нышанов Сайдулла Канболотович;

2. Мамытов Талант Турдумаматович;

3. Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович;

4. Курбаналиев Жаныбек Масабирович;

5. Жээнбекова Гулназ Камытовна;

6. Маматалиева Мунара Даниярбековна;

7. Джураева Чинара Муратовна;

8. Абдалиев Мейкинбек Акимович;

9. Карабекова Айгүл Асановна;

10. Саипов Айбек Сатыбекович;

11. Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна;

12. Султанова Олмаскан Абдыкапаровна;

13. Алтынбеков Айбек;

14. Сыдыков Бактыбек Усенович.

№ 13 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 1-декабрындагы № 5 чечими менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, № 2410 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

2025-жылдын 2-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясына арыздар, билдирүүлөр жана кайрылуулар келип түшкөн, ошондой эле социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тарабынан № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бир катар шайлоо участокторунда жарандардын шайлоо укуктарынын одоно бузулушуна жол берилгендиги көрсөтүлгөн фото жана видеоматериалдар таратылган. Шайлоочулардын эрк-ниетине таасир этүү жана добуштарды сатып алуу фактылары тууралуу маалыматтар келип түшкөн, бул социалдык тармактарда жарыяланган конкреттүү фото жана видео далилдер менен тастыкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар массалык жана системалуу мүнөздө болуп, шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасирин тийгизди. Бул жагдайлар шайлоонун жыйынтыгы чыныгы эркин, калыс, ачык жана кынтыксыз эркти чагылдырарына олуттуу күмөн саноолорду жаратат, ошондой эле шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир этет.

Конституциялык мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү тутуму менен жабдылган жана жазуу буюмдары менен камсыздалган атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, видео-белгилөө жабдуусу, башка зарыл жабдуу, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр жана автоматтык эсептөөчү урналар жайгаштырылат.".

Келип түшкөн арыздарды жана билдирүүлөрдү текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторунда добуш берүү күнү орнотулган камералардан алынган видео жазууларды карап чыкты.

Конституциялык мыйзамга ылайык, талапкердин байкоочусу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган, комиссиянын ишине тоскоолдук кылбаган жана шайлоочулардын жашыруун добуш берүүсүн бузбаган, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана анын жыйынтыгын чыгарууга тоскоолдук кылбаган жерден жеке өзү сүрөткө, видеого жана аудио жазууга укуктуу.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 35 шайлоо участогунда талапкерлердин байкоочу катары катталган өкүлдөрү добуш берүү күнү мыйзамсыз түрдө камераларды орнотуп, шайлоочулардын идентификациядан өтүү, бюллетендерди алуу, толтуруу жана автоматтык эсептөөчү урнага салуу учурундагы аракеттерин, добуш берүү процессинде көзөмөлдүк кылып, алардын эркин билдирүүсүнө жана добуш берүүнүн жашырындуулук принцибине каршы келгендиги аныкталды.

Конституциялык мыйзамдын 37-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык: "Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.".

Жалпысынан 35 шайлоо участогунда 65016 шайлоочу болгон, алардын ичинен 30260 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул ушул округдагы шайлоого катышкан жалпы шайлоочулардын 39,44% түзөт.

Конституциялык мыйзамдын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныйт:

"эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса.".

Мында конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, "Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда талапкер (талапкерлер) тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер (талапкерлер) боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу.".

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө, 37-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык 35 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасы анык эмес деп таанылсын.

3. Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесине ылайык, төмөнкү талапкерлер № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышууга жол берилбейт деп белгиленсин:

1) Нышанов Сайдулла Канболотович;

2) Мамытов Талант Турдумаматович;

3) Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович;

4) Курбаналиев Жаныбек Масабирович;

5) Жээнбекова Гулназ Камытовна;

6) Маматалиева Мунара Даниярбековна;

7) Джураева Чинара Муратовна;

8) Абдалиев Мейкинбек Акимович;

9) Карабекова Айгүл Асановна;

10) Саипов Айбек Сатыбекович;

11) Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна;

12) Султанова Олмаскан Абдыкапаровна;

13) Алтынбеков Айбек;

14) Сыдыков Бактыбек Усенович.

4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Т.Шайназаров

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 161 токтомуна тиркеме

№ 13 шайлоо округу

№

УШК

Шайлоочулардын саны

Добуш бергендердин саны (АЭУ боюнча)

 

Жалпы округда: 94 УШК

160344

76721

 

Жалпы: 35 УШК

65016

30260

Базар-Коргон АШК

1

2209

1951

929

Майлуу-Суу АШК

2

2210

2179

869

3

2211

2483

838

4

2212

2009

844

5

2213

1828

679

6

2214

1470

597

7

2215

1703

701

8

2216

2216

930

Ноокен АШК

9

2166

1679

927

10

2169

1900

924

11

2170

3144

1380

12

2171

2578

1008

13

2172

2072

1081

14

2173

2283

1130

15

2175

428

260

16

2176

1210

684

17

2177

1708

873

18

2178

1489

801

19

2180

872

447

20

2181

2441

1255

21

2182

2615

1268

22

2183

1514

976

23

2184

831

459

24

2185

1791

821

25

2186

2549

1226

26

2187

2390

1164

27

2188

652

347

28

2190

2744

1123

29

2191

2740

1102

30

2193

2898

1125

31

2388

1636

837

32

2389

1502

885

33

2410

836

424

34

2418

951

602

35

2453

1724

744