Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-январы № 27
Кыргыз Республикасында программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Бюджеттердин долбоорлорун программалык негизде өз убагында жана сапаттуу түзүүнү камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик программаларды жана чакан программаларды пландоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 85, 87-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама 1-тиркемеге ылайык;
2) Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө нускама 2-тиркемеге ылайык;
3) Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама 3-тиркемеге ылайык;
4) бюджеттик процесстин календардык планы 4-тиркемеге ылайык;
5) бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын жана программалык негиздеги бюджеттерди берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеги 5-тиркемеге ылайык.
2. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн 5-тиркемеде көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чыгымдары программалык деп аныкталсын.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бюджеттик программаларга жана чакан программаларга мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо, алардын натыйжалары жөнүндө отчет берүүдө ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө нускаманы жетекчиликке алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик финансыларды башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системаларына санариптик форматта программалык бюджеттерди түзүү, мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн инструменттерди киргизүүнү камсыз кылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 "Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 501 "2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында бюджеттик ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 "Программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 33-т тескемеси.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-январындагы № 5 (3765) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 4-тиркеме |
Бюджеттик процесстин календардык планы
1. Ушул календардык план Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-беренесине ылайык иштелип чыккан жана "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттары" долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилдерге республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо процессин регламенттейт.
2. Бюджеттик процесстин ушул календардык планынын максаты республикалык бюджетти, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттары" долбоорун түзүүнүн, кароонун, бекитүүнүн жана аткаруунун бардык баскычтарынын болжолдуулугун, макулдашылгандыгын жана уюштурулгандыгын мөөнөттөр боюнча жетиштүү ийкемдүүлүктү сактоодо так мөөнөттөрдү, этаптарды аныктоо жана бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү аркылуу, тышкы факторлор жана форс-мажорлор пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча түзөтүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик процессти координациялоочу орган болуп иш алып барат жана бардык негизги этаптарды аткаруунун мөөнөттөрүн бекитүү, ошондой эле бардык катышуучуларга милдеттүү түрдө кабарлоо жана алар үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылуу менен объективдүү зарыл учурларда мөөнөттөргө жана этаптарга зарыл түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
4. Бюджеттик процессти өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги документтерди берүүнүн жана жол-жоболорду жүргүзүүнүн акыркы мөөнөттөрүн белгилөөгө, ошондой эле мамлекеттик органдардан кошумча түшүндүрмөлөрдү жана материалдарды суроого укуктуу, бул процессти натыйжалуу координациялоого жана башкарууга өбөлгө түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) учурдагы жылдын 15-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү жиберет:
- орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун долбоорун;
- беш жылдык мезгилге салыктык жана бажы саясатынын негизги багыттарын;
- өткөн мезгилдер үчүн салыктык жеңилдиктерди баалоо боюнча маалыматты;
2) учурдагы жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бекитилген Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун жиберет.
6. Бюджет ресурстарынын администраторлору учурдагы жылдын 30-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беш жылдык мезгилге учурдагы жана кийинки мезгилдерге кирешелер боюнча такталган болжолду, ошондой эле фискалдык тобокелдиктер боюнча эсептөөлөрдү жана негиздемелерди берет.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы учурдагы жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берет:
1) мамлекеттик менчикти менчиктештирүү, мамлекеттик акциялар пакетине эсептелген дивиденддер, мамлекеттик ишканалардын кирешелери боюнча чарбакер субъекттер боюнча беш жылдык мезгилге такталган болжолду жана түшүүлөрдүн болжолун, ошондой эле мамлекеттин менчигинде турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүүдөн акы түшүүлөрдүн болжолун;
2) мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун фискалдык тобокелдиктер боюнча учурдагы жана беш жылдык мезгилдерге кеңири жыйынды маалыматты.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду учурдагы жылдын 30-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн мезгилдеги кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджеттин аткарылышы боюнча беш жылдык мезгилге маалыматты, бекитилген маалыматтарды, ошондой эле алардын тактоолорун, консолидацияланган бюджетти түзүү үчүн кийинки эки жылга финансылык ресурстардын жана чыгымдардын болжолун берет.
9. Орто мөөнөттүү бюджеттик чыгымдар стратегияларын берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) учурдагы жылдын 1-майына чейин орто мөөнөттүү бюджеттик чыгымдар стратегияларынын долбоорлорун расмий сайттарга жарыялайт;
2) жарандык коомдун жана кызыкдар органдардын катышуусу менен коомдук талкуулоолорду өткөрөт;
3) учурдагы жылдын 15-майына чейин орто мөөнөттүү бюджеттик чыгымдар стратегиялары боюнча документтер пакетин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине орто мөөнөттүү бюджеттик чыгымдар стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык берет.
10. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) учурдагы жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
- мурунку мезгилдеги бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилдерге бекитилген бюджеттин сметаларындагы өзгөртүүлөрдү жана ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кийинки эки жылга пландалган чыгымдарды;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген методикалык сунуштамаларга жана формаларга ылайык фискалдык тобокелдиктердин сыпатталышы;
- тиешелүү эсептөөлөрү жана негиздемеси менен атайын эсептерде топтолуучу каражаттар боюнча болжолду;
2) учурдагы жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттик каражаттар боюнча жеткирилген контролдук цифралардын долбоорлору боюнча пикир келишпестиктер жок болгон шартта автоматташтырылган системада төмөнкүлөрдү түзүүгө киришсин:
- кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметаларын;
- тиешелүү эсептөөлөрү жана негиздемеси менен кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге атайын эсептердеги каражаттарды эсепке алуу боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметаларын;
- бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн;
3) учурдагы жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттик каражаттар боюнча жеткирилген контролдук цифралардын долбоорлору боюнча пикир келишпестиктер жоюлгандан кийин төмөнкүлөрдү түзсүн:
- автоматташтырылган системада бюджеттик мыйзамдарга ылайык бекитилген тартипке ылайык бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметаларын жана кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге атайын эсептердеги каражаттарды эсепке алуу боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметаларын;
- Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык программалык негизде орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттердин долбоорлорун.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына ведомстволук классификациянын эки белгиси боюнча бюджеттик каражаттар боюнча контролдук цифралардын долбоорлорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна орто мөөнөттүү мезгилге ассигнованиелерди кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бекитилген республикалык бюджетте чагылдырылган пландык мезгилдин көрсөткүчтөрүнө, ошондой эле кийинки үч бюджеттик жылга ресурстар боюнча болжолго ылайык жеткирет;
2) учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралардын долбоорлору боюнча пикир келишпестиктерди жоюу боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрөт;
3) учурдагы жылдын 31-июлуна чейин орто мөөнөттүү мезгилге министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор үчүн чыгымдар боюнча жалпы контролдук цифраларды камтыган "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттары" долбоорун иштеп чыгат;
4) учурдагы жылдын 10-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кароосуна орто мөөнөттүү мезгилге министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор үчүн чыгымдар боюнча жалпы контролдук цифраларды камтыган "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттары" долбоорун берет;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими менен жактырылган контролдук цифраларды министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жеткирет;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттарын" жайгаштырат;
7) "Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрөт;
8) учурдагы жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берет;
9) учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берет.
12. Эгерде учурдагы жылдын 1-сентябрына чейин "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттары" долбоору белгиленген тартипте бекитилбесе, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында өзүнүн расмий сайтына төмөнкүлөрдү камтыган "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттары" долбоорун жайгаштырат:
1) "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттары" долбоорунун түшүндүрмө катын;
2) белгиленген тартипте жеткирилген орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттик каражаттар боюнча контролдук цифраларды;
3) мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программалары боюнча орто мөөнөттүү бюджеттик чыгымдар стратегияларын.
|
| 5-тиркеме |
Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын жана программалык негиздеги бюджеттерди берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.
5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги.
11. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.
12. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги.
13. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги.