КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-январы № 19
Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук базасын өркүндөтүү жөнүндө
Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук базасын өркүндөтүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 "Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун жөнгө салуу системасын өзгөртүп түзүү маселелери жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |