Редакцияот 08.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29-чакырылган кезектеги IX (тогузунчу) сессиясы

 

 

 

2025-жылдын 08-июлу № 35/IX-29

 

 

Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан социалдык маанидеги обьекттерди Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-июнундагы №03-13/1356 “Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан социалдык маанидеги обьекттерди Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы №827 “Муниципалдык менчикке обьекттерди өткөрүп берүү жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-ноябрындагы №545 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү жаматтарына өткөрүлүп берилүүчү обьекттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан социалдык маанидеги обьекттерди Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан социалдык маанидеги обьекттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

              

Төрага

 Н. Ибраимов

 

 

 

 

Ысык-Ата айыл аймагынын

Ысык-Ата айылдык Кенешинин

2025-жылдын 08-июлундагы

№35/IⅩ-29 токтомуна

тиркеме 1

 

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилүүчү Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан социалдык маанидеги обьекттердин тизмеси:

 

1. Таш-Башат айылынын Турусбеков көчөсүндө жайгашкан О.Жакишев атындагы башталгыч мектебинин имараты;

2. Таш-Башат айылынын Турусбеков көчөсүндө жайгашкана спорт залы;

3. Үч-Эмчек айылынын Бектур уулу Суеркул көчөсүнүн №24 дарегинде жайгашкан жаштар клубунун имараты;

4. Үч-Эмчек айылынын Бектур уулу Суеркул көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашканО.Жакишев атындагы мектеп имараты;

5. Алмалуу айылынын Тайгашкаев көчөсүнүн №20 дарегинде жайгашкан мугалимдер үчүн курулган турак-жайы;

6. Кебек -Бий айылында жайгашкан суу мунарасы;

7. Кебек-Бий айылынын Эргалы көчөсү №6 дарегинде жайгашкан башталгыч мектебинин эски имараты;

8. Кебек-Бий айылында жайгашкан суу мунарасынын жанындагы турак-үйү;

9 Карагай-Булак айылында жайгашкан суу мунарасы;

10. Тогуз-Булак айылында жайгашкан суу мунарасы;

11. Таш-Башат айылында жайгашкан суу мунарасы;

12. Тогуз-Булак айылында жайгашкан ичүүчү суу үчүн резервуар;

13. Карагай-Булак айылында жайгашкан ичүүчү суу үчүн резервуар;

14. Таш-Башат айылында жайгашкан ичүүчү суу үчүн резервуар;

15. Тогуз-Булак айылынын Алдаяр-Ата көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан мектеп;

16. Тогуз-Булак айылынын К.Эсенкулов көчөсүндө жайгашкан академик А.Мурзалиев атындагы мектеп;

17. Карагай-Булак айылынын Арашан көчөсүнүн №32 дарегинде жайгашкан мектеп;

18. Тогуз-Булак айылынын Алдаяр-Ата көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан маданият үйү (клуб);

19. Алмалуу айылынын Ысык-Ата көчөсүндө жайгашкан ПТУ;

20. Таш-Башат айылынын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн линиясы (Водопроводная линия внутри);

21. Үч-Эмчек айылынын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн линиясы (Водопроводная линия внутри);

22. Норус айылынын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн линиясы (Водопроводная линия внутри);

23. Тогуз-Булак айылынын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн линиясы (Водопроводная линия внутри);

24. Алмалуу айылынын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн линиясы (Водопроводная линия внутри);

25. Карагай-Булак айылынын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн линиясы (Водопроводная линия внутри);

26. Ичке-Суу айылынын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн линиясы (Водопроводная линия внутри);

27. Норус айылында жайгашкан ичүүсү суу кудугу (скважина);

28. Алмалуу айылында жайгашкан ичүүсү суу кудугу (скважина);

29. Карагай-Булак айылында жайгашкан өткөрүүчү түтүк линиясы (Трубопровод);

30. Алмалуу айылына чейин өткөрүүчү түтүк линиясы (Трубопровод);

31. Алмалуу айылына чейин өткөрүүчү түтүк линиясы (Трубопровод);

32. Таш-Башат айылына чейин өткөрүүчү түтүк линиясы (Трубопровод);

33. Үч-Эмчек айылына чейин өткөрүүчү түтүк линиясы (Трубопровод);

34. Норус айылына чейин өткөрүүчү түтүк линиясы (Трубопровод);

35. Ичке-Суу айылына чейин өткөрүүчү түтүк линиясы (Трубопровод);

36.Тогуз-Булак айылындажайгашкан эски дүкөн;

37. Норус айылынын Жүндүбаев №н-ж дарегинде жайгашкан Медресе;

38. Алмалуу айылында жайгашкан кормовой цех.

 

Төрага

 Н. Ибраимов