Редакцияот 13.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 13-августу №01-3/38

 

«Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштери жөнүндө отчету»

 

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аткарылган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп эсептелсин.

2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек Юстициялык Башкармалыгына каттоого жиберсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.К. Кулжанов