Редакцияот 13.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын13-августу №01-3/46

 

Нарзан айыл аймагында ардак наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесинин 1-пунктунун жана Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставынын 31-пунктунун негизинде Нарзан айылдык кеңешинин сессиясын угуп,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарзан айыл аймагында ардак наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

(Тиркеме кагаз жүзүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жайгашкан).

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылырынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.К. Кулжанов