СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-декабрындагы № 51
Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 15-мартындагы №37 мыйзамынын 6 беренесин “Мамлекеттик менчикти муниципалдык менчике өткөрүп берүү” мыйзамдарын жетекчилике алып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 10 декабрындагы №13/1960 каты менен таанышып, талкуулап Сокулук айылдык кеңеш, токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын балансында турган кыймылдуу мүлк (автоунаа төмөнкү маркадагы) Сокулук айыл өкмөтүнүн балансына акысыз, бекер алууга макулдук берилсин.
- Маркасы жана модели UAZ Пaтриот
- Чыккан жылы: 2016
- Түсү: Күмүш (серебристый)
- Мамлекеттик номер:01KG744AA
- Пайдаланууга берилген күнү: 10.10.2016
- Баштапкы баасы 1 010 691,86 ( бир миллион он миң алты жүз токсон бир сом 86тыйын).
- Калдык наркы : 0 (нол) сом.
- Сокулук айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттике тиешелүү өтүнүч катын жөнөтсүн.
- Малекеттик орган (ГАУГИ) тарабынан кыймылдуу мүлктү мамлекеттик менчиктен айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынгандан киймин комиссия автоунааны кабыл алуу- өткөрүп берүү актысы менен ишке ашырылсын.
- Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Сокулук айыл өкмөт башчысы Р.Иштыбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Жумалиев |