Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-августу № 35/ VIII
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине короо жай алдындагы жер тилкесин кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
|
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 08-августундагы № 01-8/512 “С.Бостонкуловдун жеке короо жай алдындагы жер тилкесин акысыз муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши |
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Ново-Покровка айылы, Жаштык,22 дарегинде жайгашкан Бостонкулов Сансызбайдын жеке менчиктеги аянты 400 ч.м. короо жай алдындагы жер тилкесин акысыз негизде алууга макулдук берилсин,идентификациялык код: 7-04-16-0005-0826
2.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги жер участогун айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
|
3.Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын |
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн. |
Төрайым Э.Ш.Мусина |