Редакцияот 23.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

        

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 23-январы № 35-т

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-январындагы № 12 тескемесин ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. “China Road and Bridge Corporation (CRBC)” компаниясы “Чолпон-Ата шаарында узундугу 15,64 км болгон түндүк айланма автомобиль жолун куруу” долбоору боюнча подрядчы болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти “Чолпон-Ата шаарында узундугу 15,64 км болгон түндүк айланма автомобиль жолун куруу” долбоору боюнча иштердин заказчысы болуп аныкталсын.     

3. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоор боюнча иштер куруу жана долбоорлоо процесстерин айкалыштыруу (параллелдүү долбоорлоо) жолу менен жүргүзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган автомобиль жолунун курулушун республикалык бюджетте “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен каржыласын.

5. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги шаар куруу корутундусун берүүгө, мамлекеттик экспертизадан өтүүгө жана объектти курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүүгө белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул тескеме эки жыл ичинде колдонулат.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев