Редакцияот 08.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 8-сентябрындагы №01-3/55

 

«Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө»

 

Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2025- жылдын 8-январындагы № 1 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартуу маселеси угулуп, талкууланып, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Төмөнкү салык түрлөрү боюнча планды кыскартуу:

-Юридикалык жактар үчүнтранспорт каражаттарына салык – 526,3 ми;

-        Жеке адамдар үчүнтранспорт каражаттарына салык – 6 200,0 миң сом;

-        Айыл чарба багытындагы жерлерге жер салык – 2 456,1 миң сом.

Жалпы: 9 182,4 миң сом

2. Жогоруда көрсөтүлгөндүн негизинде төмөнкү бөлүм жана берене боюнча чыгаша бөлүгүн кыскартуу каралсын;

Б.71093 “Социалдык коргонуу  кызматы” берене 31113290 “Башка курулмаларды куруу жана сатып алуу “ - 9 182,4 миң сом

3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

А.Т. Урманбетов