Редакцияот 02.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 2-февралы  № 27

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын

28-августундагы № 250 “Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө”

Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоо системасын андан ары өнүктүрүү, билим берүү сапатынын бирдиктүү мамлекеттик стандарттарын жана улуттук коопсуздуктун талаптарын сактоо менен эл аралык академиялык кызматташтыкты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-августундагы № 250 “Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

“7¹. Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында жана аккредитациядан өткөн шартта жеке жогорку медициналык билим берүү уюмдарына медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоо чөйрөсүндө биргелешкен билим берүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу максатында Америка Кошмо Штаттарынын университеттери менен эл аралык макулдашууларды түзүү укугу белгиленген тартипте берилет деп белгиленсин.”.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767)  жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров