Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 36 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык
эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, колдонулушун
токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу)
тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, сот бийлигинин органдарынын, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын макулдуктарын билдирүү ыкмалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү тартиби
3-глава. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин аткаруу жана токтотуу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары – сот бийлигинин органдары) атынан сот бийлигинин органдарынын, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын (мындан ары – атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары) жана башка мамлекеттик органдарынын деңгээлинде түзүлүүчү жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар, ошондой эле эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык мамилелер жаатындагы укуктарга жана милдеттерге карата тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашууну билдирген эл аралык келишимдердин бир түрү болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- министрликтер;
- мамлекеттик комитет;
- административдик ведомстволор;
- сот бийлигинин органдары;
- атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары.
2-глава. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,
мамлекеттик комитетинин, административдик
ведомстволорунун, сот бийлигинин органдарынын, атайын
статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка
мамлекеттик органдарынын макулдуктарын билдирүү
ыкмалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл
аралык келишимдерин түзүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, сот бийлигинин органдарынын, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишиминин алар үчүн милдеттүүлүгүнө карата макулдугу төмөнкү жол менен билдирилет:
- ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюу (бекитилүүгө тийиш эмес эл аралык келишимдерге карата);
- ведомстволор аралык эл аралык келишимге негиз болуучу каттар жана ноталар менен алмашуу;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимге кошулуу;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимди бекитүү.
4. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, сот бийлигинин органдарынын, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын атынан өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары жана компетенциясына мындай ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди жөнгө салуу маселелери кирген эл аралык уюмдар, ошондой эле эл аралык укуктун башка субъекттери менен түзүлөт.
Ведомстволор аралык эл аралык келишимди түзүү тиешелүү кызмат адамынын колун коюу аркылуу, анын ичинде кызмат адамын идентификациялоону, ведомстволор аралык эл аралык келишимге кол коюунун датасын, убактысын жана ордун белгилөөнү камсыз кылган маалыматтык технологияларды колдонуу менен, атап айтканда, электрондук кол коюу технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө сунуштар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, сот бийлигинин органдары, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары – Министрлер Кабинети) макулдашууга киргизилет.
6. Министрлер Кабинетине киргизүүдө Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимин түзүү жөнүндө сунушка төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- ведомстволор аралык эл аралык келишимдин долбоорунун тексти;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимге кол коюунун максатка ылайыктуулугунун негиздемеси жана аны андан ары ишке ашыруу механизми;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдин долбоорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна шайкеш келүүсү жөнүндө корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволор аралык эл аралык келишимди түзүүдө мүмкүн болуучу финансылык кесепеттер жөнүндө корутундусу;
- ведомстволор аралык эл аралык келишим түзүлгөн учурда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, сот бийлигинин органдары, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдары менен макулдашууну күбөлөндүрүүчү документтер, эгерде долбоор алардын ишинин чөйрөсүнө таасирин тийгизсе;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.
7. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүү жөнүндө сунуштар Министрлер Кабинетине ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген тартипте киргизилет.
8. Министрлер Кабинетине киргизүүдө ведомстволор аралык эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө сунушка төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- ведомстволор аралык эл аралык келишимдин тексти;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимге кошулуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемеси жана аны андан ары ишке ашыруу механизми;
- ушул Жобонун 6-пунктунун төртүнчү – сегизинчи абзацтарында белгиленген документтер.
9. Каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен кол коюуга, түзүүгө сунушталган ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин же болбосо кошулууга сунушталган ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата Министрлер Кабинети макулдук берүү жөнүндө тескеме түрүндөгү чечим кабыл алат.
10. Ведомстволор аралык эл аралык келишимге кошулган учурда Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, сот бийлигинин органдары, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдары тарабынан ушул Жобонун 9-пунктунда каралган чечимди Министрлер Кабинети кабыл алган шартта кошулуу жөнүндө тийиштүү ички акт чыгарылат.
11. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерине кол койгон Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, сот бийлигинин органдары, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин бекитүү жөнүндө сунуштарын Министрлер Кабинетине киргизет.
12. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин бекитүү жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишиминин текстинин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимин бекитүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынуучу башка документтер.
13. Кол коюлгандан кийин мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууну талап кылуучу Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери ратификацияланбайт жана аларды ратификациялоону талап кылуучу жоболорду камтыбоого тийиш.
14. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылбаган ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Министрлер Кабинетинин кароосуна кабыл алынбайт.
15. Кыргыз Республикасынын министрлери, мамлекеттик комитетинин төрагасы, административдик ведомстволорунун жетекчилери, Жогорку соттун төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өз компетенциясынын чегинде атайын ыйгарым укуктарсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерине кол коюуга укуктуу.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерине кол коюуга ыйгарым укуктар компетенциясына мындай келишимдерди жөнгө салуу маселелери кирген министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы, административдик ведомствосунун жетекчиси, Жогорку соттун төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органынын же башка мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан башка кызмат адамдарына берилет.
Ведомстволор аралык эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгууга жана аны талкуулоого долбоордо козголгон маселелерди кароо жана талкуулоо компетенциясына кирген тийиштүү тармактын юристтери жана адистери милдеттүү түрдө катышат.
16. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин түп нускалары же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитетинде, административдик ведомстволорунда, сот бийлигинин органдарында, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарында жана башка мамлекеттик органдарында мындай келишимдерди сактоо үчүн арналган өзүнчө архивдерде туруктуу негизде сакталат. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү аларга кол коюлган (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү алынган) күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Казыналык системасы аркылуу өтүүчү кайтарымсыз финансылык жардам алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү аларга кол коюлган (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү алынган) күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Эл аралык гранттык жана техникалык жардам алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү аларга кол коюлган (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү алынган) күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин электрондук версиялары Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, сот бийлигинин органдарынын, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын системасында түзүлгөн тиешелүү маалымат базасында сакталат.
3-глава. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык
эл аралык келишимдерин аткаруу жана токтотуу
17. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери эл аралык укуктун ченемдерине жана принциптерине ылайык кынтыксыз сакталууга тийиш.
18. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, сот бийлигинин органдары, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдары кыргыз тараптын мындай эл аралык келишимдер боюнча алган милдеттеринин аткарылышын камсыздайт, мындай келишимдерден келип чыгуучу кыргыз тарапка таандык укуктардын ишке ашырылышына жана келишимдердин башка катышуучулары тарабынан алардын милдеттенмелеринин аткарылышына байкоо жүргүзөт.
19. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин аткарылышына жалпы байкоо жүргүзүү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, сот бийлигинин органдары, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын суроо-талабы боюнча төмөнкү маалыматтарды берет:
- колдонуудагы ведомстволор аралык эл аралык келишимдер жөнүндө;
- күчүн жоготкон ведомстволор аралык эл аралык келишимдер жөнүндө;
- тараптардын кароосунда/макулдашуусунда болгон ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин долбоорлору жөнүндө;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди түзүүнүн, колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуунун, андан чыгуунун) же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө;
- ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди ишке ашыруунун (аткаруунун) натыйжалуулугу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Казыналык системасы аркылуу өтүүчү кайтарымсыз финансылык жардам алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин аткарылышына байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Эл аралык гранттык жана техникалык жардам алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин аткарылышына байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери анын башка катышуучулары тарабынан олуттуу түрдө бузулган учурда, ошондой эле эл аралык укуктун ченемдеринде каралган башка учурларда мындай келишимдер ушул Жобонун 22-пунктунда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.
21. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери күчүнө киргенден кийин алардын атынан мындай келишимдер түзүлгөн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, сот бийлигинин органдарынын, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын чечими боюнча бул мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында же Министрлер Кабинетинин расмий басылмаларында жарыяланат.
22. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, сот бийлигинин органдарынын, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын атынан мындай келишимдер түзүлгөн Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар башка мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) эл аралык укуктун ченемдерине ылайык болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) же колдонулушун токтото туруу боюнча Министрлер Кабинетинин бекитүүсү аркылуу билдирилген милдеттүүлүккө карата чечим Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) боюнча аларга кошулуу аркылуу билдирилген милдеттүүлүккө карата чечим Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.