Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-январы № 81-VIII
“Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам
актыларына (“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери
боюнча кеңеши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттары К.А. Талиева, Н.А. Азыгалиев, Ч.А. Айдарбеков, Ж.К. Акаев, М.К. Алиев, С.А. Атамбаев, Д.А. Ашимова, Д.Д. Бекешев, Д.А. Джумабеков, С.М. Зулпуев, Дж.К. Исаева, А. Исатбек кызы, Г.А. Кожокулова, А.А. Козуев, И.К. Кубанычбеков, Л.Х. Лурова, Ш. Мажитова, М.А. Маматалиев, А.Т. Мамашова, А.Т. Маткеримов, Г.С. Молдобекова, М.М. Мураталиев, С.А. Омурзаков, В.К. Раимбачаева, С. Рустамбек уулу, Ж.Э. Садырбаева, Ч.А. Султанбекова, Э.Ж. Сурабалдиева, Н.О. Сыдыгалиев, Ж. Таалайбек кызы, К.Л. Ханджеза, А.А. Эгембердиев, А.Т. Эрбаев, Э.К. Абакиров, Г.И. Жунушалиева, Б.А. Марипов, Дж.Д. Нышанов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын биринчи орун басары |
Ч.И. Ажибаев |